mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөдө асфальт төшөө иштери кызыды

Бүгүнкү күндө унаажолдор мамлекеттин күзгүсү, экономиканын көрсөткүчү болуп калды. Айтканга оңой болгон менен өлкөбүздөгү жолдорду жакшы күтүү жана сактоо абдан жоопкерчиликтүү жана оор иш. Ошондой болсо да, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги буга жооп берген тиешелүү мекемелердин ишин тескеп, көзөмөлдү күчөтүүдө.

Буга кыскача токтоло кетсек, Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн унаа жолдун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда 920 метр жол жасалды.

Ошондой эле, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Жалпы 5 чакырым жер жасалат. Бүгүнкү күндө 300 метр жолго асфальт аралашмасы төшөлдү. Жалпысынан 3 км 300 метр жол бүттү.

Нарын облусунун Баетов-Макмал унаажолунда да асфальт төшөө иштери жүрүп, жалпы 1950 метр жол жасалды. План боюнча жалпы 6 чакырым оңдолот.
Мындан тышкары , Ош-Төлөйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгайын деп калды . Ош-Төлөйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган. Айта кетчү жагдай, аталган унаа жолдун жалпы 5 чакырымына асфальт төшөө пландаштырылып, бүгүнкү күндө анын 70 пайызы аяктап, 30 пайызы калды.

   

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.