mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөбүздүн жолдорунда асфальт төшөө иштери ирээти менен ишке ашууда

Ош-Төлөйкан автожолунда (1,650 чакырым) асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Аны № 21 Жол тейлөө ишканасы ишке ашырууда. Ал эми  Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там автожолунда (2300метр) жаңы асфальт төшөлүп, ал жерде  № 14 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары эмгектенүүдө. Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунда план боюнча 8 чакырым 800 метр участокко асфальт төшөө жумуштары каралып, ал кече 19-июлда башталды. Аны “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалы аткарып жатат.

  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы