mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөбүздүн транспорттук контролдоо пункттары талыкпай эмгектенешүүдө

Өлкөбүздүн транспорттук контролдоо пункттары эл камында талыкпай эмгектенишүүдө. Алсак, 5-6-7-июль күндөрү Нарын облусунун “Торугарт” жана “Ат-Башы”  транспорттук контролдоо пункттарында  айрым жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга 36 протокол  түзүлүп, 630000 сом айып пул салынды. Ал эми Жалал-Абад облусундагы  жаңы ачылган “Кербен” транспорттук контролдоо пунктунда 4 автотранспорттук каражаттары текшерилип, анда транспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 1 факты катталып,  2956.8 сом айып пул, мындан тышкары  1 протокол түзүлүп  55000  сом айып пул салынды.

    

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы.