mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өлкөбүздөгү ашуулардын учурдагы абалы тууралуу кыскача маалымат

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймактардагы  жолчулары берген маалымат боюнча бүгүн, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда суу кар жаап өттү, учурда  ала булут каптап турат.

Ала Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда жамгыр аралаш кар жаап жатат, жол каттамы ачык  кардын көлөмү болжолдуу 2-3см.

Ошондой эле Талдык, Тоңмурун ашууларында учурда  күн бүркөө, кар жаады.  Ала-Бел ашууларында  кар жаап жатат. Ал эми Өтмөк  жана Сөөк ашууларында күн бүркөк, кар жаап жатат.

Жогоруда белгилеп өткөн  ашууларда жол ачык жана каттамдар жүрүп жатат.  КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коопсуздук үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, алыскы  жолдо  каршы тилкеге чыкпай, айдоо учурунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет. Жумушчулар инерттик материалдарды тайгак жолдорго чачып, жол кырсыктарын алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.