mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Латвия менен Кыргызстан автотранспорт, темир жол транспорту жана транспорттук логистика тармагындагы кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту

Бүгүн, 24-августта КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында транспорт боюнча жумушчу топтун жетекчилеринин жыйыны болуп өттү.

Ага   Кыргыз Республикасынын   Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев, Транспорт башкармалыгынын башчысы Адылбек Акматов, Латвия Республикасынын  Байланыш министринин орун басары, Улдис Рейманис жана анын жардамчысы Элина Стродаха  катышты.

Күн тартибинде  автотранспорт,  темир жол транспорту, транспорттук логистика тармагындагы кызматташтыктырды талкуулашты. Жыйындын жүрүшүндө Ы.Бариев эки мамлекеттин ортосундагы учурдагы кызматташууларына ыраазычылыгын билдирип, келечектеги  маанилүү иш-чаралардын  да жемиштүү болоруна ишенерин билдирди.

Кызматташууларга токтоло кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда видеоконференция форматында өткөн эксперттердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жана Латвия Республикасынын Байланыш министрлигинин 26-жылдын 2023-июлундагы № 04.2 – 02/2190 катына ылайык, 2023-жылы эки тараптуу жана транзиттик ташуулар үчүн кыргыз тарапка 700 кошумча уруксат кагаздары (АА 135241-АА 135940) берилген.

Жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-14-сентябрында Бишкекте өтүүчү Эл аралык автомобиль ташуу боюнча биргелешкен комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитишти. Ошондой эле Латвия менен Кыргызстандын ортосундагы темир жол аркылуу жүк ташуу көлөмүнүн өсүү тенденциясын канааттануу менен белгилешти. 2022-жылы темир жол аркылуу ташылган жүктүн жалпы көлөмү 26,65 миң тоннаны түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 16,71 миң тоннага көп. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7 айында көлөм 17,96 миң тоннаны түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,48 миң тоннага көп болгон.

Жыйындын соңунда тараптар автотранспорт,  темир жол транспорту, транспорттук логистика тармагында кызматташуулар боюнча протоколго кол коюшуп, Улдис Рейманис кыргыз тараптын жумушчу тобунун төрагасы Ырысбек Бариевди 2023-жылы Латвия Республикасынын транспорттук инфраструктурасы менен таанышуу үчүн Латвия Республикасына келүүгө чакырды жана 2024-жылы аралаш комиссиянын кезектеги жыйынын Латвия Республикасында өткөрүүнү сунуштады.

 

 

 

 

 

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.