mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун учурдагы абалы

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргыз Республикасынын инфраструктура жана курулуш тармагындагы стратегиялык долбоор болуп саналат. Учурда долбоор активдештирүү стадиясында.

Алсак, 2023-жылдын июль айына карата тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштерди биргелешип аякташып, буга чейин болжолдонгондой темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу тастыкталды.

2023-жылдын 21-сентябрында видео байланыш форматында эксперттик деңгээлде үч тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө каржылоо модели жана долбоорду башкаруу маселеси талкууланды.

Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия региону үчүн да маанилүү болуп саналат.

Долбоор жүктөрдү жеткирүү убактысы менен аралыгын кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын эл аралык рыногунда катышуучу өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат. Жолдун курулушу экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө мультипликативдик натыйжа берет.

Эске салсак, 18-19 — май күндөрү Сиань шаарында (Кытай Эл Республикасы) өткөн «Кытай-Борбор Азия» саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин ортосунда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» (Кыргызстандын аймагындагы тилке) темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемесине үч тараптуу биргелешкен баа берүү жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишүү тууралуу үч тараптуу Меморандумга кол коюлган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы