mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстандан каттаган оор жүк ташуучулар Алят портунун кызматтары менен колдоно алат

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баштаган ведомствонун кызматкерлери Азербайжанга жасаган иш сапарынын алкагында министрдин тапшырмасы менен Алят эл аралык деңиз соода портунун администрациясы менен жолугушту. Анда тараптар Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнистан жана Азербайжан маршруту аркылуу мультимодалдык жүк ташууда Алят портунан Каспий деңизи аркылуу паром кемеси менен автомобилдик жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде Алят портунун администрациясы Кыргызстандын жүк ташуучулары менен Каспий деңизи аркылуу жүктөрдү ташууга кызыкдар экенин белгилеп, төмөнкү маалыматтар менен бөлүштү:

— Алят порту аркылуу 15 паром кемеси жана 3 RO RO кемеси менен оор жүк ташуучу унааларды Каспий деңизи аркылуу ташууга болот;
— Ар бир оор жүк ташуучу унанын айдоочусуна паромдон 1 каюта каралган;
— Аляттан – Түркмөнбашы маршруту боюнча паромдун жетүү убактысы болжол менен 14 сааттан 20 саатка чейин созулат;
— Аляттан – Түркмөнбашы портуна бир жүк ташуучу унааны жеткирүү баасы болжол менен 1200 доллар, эки тарапка чейин жеткирүүгө алдын ала макулдашылса арзандатуу каралган;
— Алят портунун администрациясы оор жүк ташуучу унааларды паром аркылуу ташууда эч кандай чектөөлөрдүн жоктугун, бардык өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу уналарынын ээлери жалпы кезек менен паромдорго жүктөлөрүн, Кыргызстандан каттаган оор жүк ташуучулар да эч кандай тоскоолдуксуз Алят портунун кызматтары менен колдоно ала тургандыгын баса белгилеп, аба ырайынын кескин бузулушуна гана тиешелүү чектөөлөр боло тургандыгын маалымдады.

Мындан тышкары, министрликтин өкүлдөрү иш сапардын алкагында Баку эл аралык автовокзал комплексинин жана Баку темир жол вокзалынын ишмердүүлүктөрү менен таанышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы