mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстандагы эң чоң “Көк-Арт” тоннелинин курулушу кызуу жүрүүдө

Казуу иштери аяктап, түндүк жана түштүк жагынан ийгиликтүү туташтырылган “Көк-Арт” тоннелинде учурда гидроизоляция иштери, электр чубалгыларын өткөрүү жолдорун бетондоо, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана тоннель менен штольняны бетондоо жумуштары кызуу жүрүүдө.

Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кыргызстандагы эң чоң “Көк-Арт” тоннелинин курулуш иштери менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Ведомсвто жетекчиси алдыда аткарыла турчу иштер арбын экенин белгилеп, буга чейин түзүлгөн иш планына ылайык, жумушту мөөнөтүндө жана биринчи кезекте сапатына басым жасоо менен бүткөрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, “Көк-Арт” тоннели Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан. Анын узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.

Объект даяр болгондон кийин, карама-каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын пайда кылуу коркунучу жок, эркин өтө алат. Долбоордун баасы 136 миллион АКШ долларын түзөт. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы