mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелин казуу иштери аяктады

Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы (туташтырылышы) аяктап, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда.

Бул тоннель «Түндүк-Түштүк альтернативдик жол» долбоорунун алкагында курулууда.
Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.

Тоннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.

Объект даяр болгондон кийин карама-каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын пайда кылуу коркунучу жок, эркин өтө алат.

Долбоордун баасы 136 миллион АКШ долларын түзөт.
Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы