mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз-Жапон «Достук» галереясы

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо объектисине барып, курулуш иштери менен жеринде таанышты. Бул долбоор Кыргызстан менен Япон кызматташуусунун данакери болуп, эки элдин ынтымагын бекемдейт, аны менен бирге бул галереянын атын Президент Садыр Жапаров Кыргыз — Жапон «Достук» галереясы деп атады. Галереядагы бардык иштер 2023-жылдын сентябрь айында аяктап, объектти толук пайдаланууга берүү пландаштырылып жатат. Ошондой эле жарым-жартылай берилип тоннелдин жолу ачылды.
Белгилей кетсек, долбоордун максаты кардан коргоо галереясын куруу аркылуу кыш мезгилинде Бишкек-Ош трафигин жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзүү болуп саналат.
Учурда куруучулар бардык жумуштарды бүтүрүү аракетинде долбоордун толук бүтүшүнө даярдыктарды көрүп жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.