mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин дебитордук жана кредитордук карыздар боюнча милдеттери  укук улантуучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине өтөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12-февраль,  2021-жылдагы  №38  токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги түзүлгөн.

Ошону менен,  Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирет, Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин дебитордук жана кредитордук карыздар боюнча бардык милдеттери укук улантуучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине өтөт.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Суу ресурстары Мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана сууну агызууну өнүктүрүү департаменти да Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөн жана 03-март, 2021-жылдагы №68 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык аталышы өзгөртүлгөн.