mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте машиненин алдынкы айнектерин күңгүрлѳтүүгѳ каршы рейд жүргүзүлѳт

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте айдоочунун маңдайкы же болбосо алдынкы эшиктин каптал айнегинде күңүрттөө жабылган же аларда көшөгөлөр пайдаланылган же арткы каптал эшигинин айнегинде же болбосо арткы айнегинде күзгү сымал күңүрттөө жабылган транспорт каражатын айдоочуларына рейд жүргүзүлмѳкчү. Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча кодексинин 129-беренесинин 3- пунктунун негизинде  рейд жүрѳт.

129-берене. Уруксатсыз кайра жабдылган транспорт каражатын айдоо

  1. Айдоочунун тиешелүү уруксаты жок кайра жабдылган же өзү билемдик менен орнотулган атайын үн чыгаруучу, жарык берүүчү сигналдары бар транспорт каражатын айдоосу, —

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

  1. Сыртына оперативдүү кызматтардын автомобилдерине түшүрүлүүчү атайын жарык сызыктарынын схемаларын мыйзамсыз түшүрүп алган транспорт каражатын айдоо, —

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

  1. Айдоочунун маңдайкы же болбосо алдынкы эшиктин каптал айнегинде күңүрттөө жабылган же аларда көшөгөлөр пайдаланылган же арткы каптал эшигинин айнегинде же болбосо арткы айнегинде күзгү сымал күңүрттөө жабылган транспорт каражатын айдоосу —

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.