mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин демилгеси менен транспорт тармагындагы санариптик тутум боюнча видеоконференция өттү

2020-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин демилгеси менен ведомство жетекчиси Жанат Бейшеновдун төрагалыгы алдында транспорт тармагындага санариптик тутум боюнча видеоконференция өттү.
Анын ишине Россия Федерециясынын транспорт жана жол министринин орун басары Семенов А.К., Татарстан Республикасынын транспорт тармагынын өкүлү Минниханов Р.Н., Росдормониторинг жана «Национальные Телематические Системы» концердин, «РТ-Инвест Транспортные Системы» компаниясынын, ошондой эле КР Өкмөтүнүн аппаратынын, Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Видеоконференциянын катышуучуларына КР жана РФ аймагында транспорттук тутумдагы санариптик тутумдун киргизилип жаткан тажырыйбалары көрсөтүлдү.
Анда жүк ташуу көзөмөл тутумундагы, онлайн режиминде уруксаат документтерин берүү тутумдарындагы санариптик тажырыйбалар көрсөтүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө россиялык коллегалар жаны заманбап санариптик технологияларды пайдалануу мыйзамсыз сегменттерди жоюп, ачыктыкты камсыздай тургандыгын билдиришти.
Видеоконференциянын катышуучулары мындан ары да конструктивдүү казматташууга, бул багытта тажырыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.