mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги айдоочунун маңдайкы же болбосо алдынкы эшиктин каптал айнегинде күңүрттөө жабылгасы боюнча берилген мүмкүнчүлүктү Ички иштер министрлигине кайра кайтарылып берилмекчи

 

 

 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте айдоочунун маңдайкы же болбосо алдынкы эшиктин каптал айнегинде күңүрттөө жабылган же аларда көшөгөлөр пайдаланылган же арткы каптал эшигинин айнегинде же болбосо арткы айнегинде күзгү сымал күңүрттөө жабылган транспорт каражатын айдоочуларына рейд жүргүзүлмѳкчү.  Жакынкы арада бул аталаган берене кайрадан Ички иштер министрлигине берилет. Ал эми кайрадан берилгенге чейин биргеликте рейдке чыгуу пландаштырылууда.

 

123-берене. Айдоочунун жол кыймылы эрежелерин бузуусу

  1. Транспорт каражатынын айдоочусунун транспорт каражаттарынын кыймылынын ылдамдыгы саатына 20 километрден көп эмес белгиленген чектөөлөрдөн ашуусу, же жол белгилериндеги талаптарды, же болбосо жолдун өтүү бөлүгүндөгү белгилерди бузуусу, же жүктөрдү ташуу, же болбосо транспорт каражаттарын чиркеп сүйрөө эрежелерин бузуусу, же токтотуу, же болбосо токтоп туруу эрежелерин бузуусу, же жөө жүрүүчүлөрдүн өткөөлүнөн өтүү эрежелерин бузуусу, же жөө жүрүүчүлөрдүн жөнгө салынбаган өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылына артыкчылыктарды бербөөсү, же тротуар менен, же болбосо жөө жүрүүчүлөрдүн жолу менен жүрүүгө тыюу салууну бузуусу —

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

  1. Транспорт каражатынын айдоочусунун жол кесилиштеринен өтүү, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарын токтотуу эрежелерин бузуусу, же светофордун тыюу салуучу сигналынан же болбосо жөнгө салуучунун жаңсоосуна карабай өтүп кетүүсү, же кууп өтүүнүн же болбосо каршы өтүүнүн, коопсуз аралыктын, интервалдын же болбосо транспорт жүргөн жол бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгашуусунун эрежелерин бузуусу, же автомагистралдарда жүрүү эрежелерин бузуусу, же тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүү сигналдарын пайдалануу эрежелерин бузуусу, ал приборлорду стандарттардын талаптарын бузуу менен пайдалануусу, же болбосо аларды кайтадан башкача жабдуусу, же айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү, техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарынан пайдалануусу (шашылыш, кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткаруу убагындагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын албаганда), же айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуусу —

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

  1. Атайын жарык берүүчү же болбосо үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрүн иштетүү менен жүрүп бараткан кырсыктык-куткаруу кызматтарынын, медициналык тез жардамдын, өрттөн сактоонун, ички иштер органдарынын транспорт каражаттарына жүрүп баратканда артыкчылык бербөө же коомдук транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде каттамдык транспорт каражаттары үчүн тилкеде жүрүү же болбосо токтотуу эрежелерин бузуу, —

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

  1. Транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ылдамдыгы саатына 40 километрден ашпаган чектөөлөр коюлган жерлерде транспорт каражатынын айдоочусунун ылдамдыкты ашырышы —

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.