mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ишембиликке чыгышты

2018-жылдын 24- мартында Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жол министрлигинин  борбордук аппараты жана министрликтин алдындагы мекеме ишканалардын баардыгы ишембиликке чыгышты. Ишембиликте министр Жамшитбек Калилов жана статс- катчынын м.а Эрмек Мамыркалиев баш болуп айлана –чѳйрѳнү тазалоо иштерин жүргүшүштү . Ѳкмѳт тарабынан жарыяланган «Таза жашоо»  долбоорунун  алкагында  КР Транспорт жана жол министрлиги  Исанов   кѳчѳсүн Токтогул кѳчѳсүнѳн баштап Бѳкѳнбай кѳчѳсүнѳ чейин  тазалоо жана жакшыртуу иштерин аткарды. Жол четиндеги чогулган  топурактарды алуу, тротуардагы чѳптѳрдү шыпыруу, куураган бактарды кыйып, жолго ташталган таштандыларды жыйнашты.

Пресс –кызматimg_2623 img_2633 img_2636 img_2640 img_2643 img_2650 img_2661 img_2676 img_2550 img_2595