mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Латвия Республикасынын Байланыш министрлигинин автотранспорт маселелери боюнча аралаш комиссиясынын отуруму болуп өттү

1997-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык автомобилдик байланыш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында эл аралык автомобилдик ташуулар маселелери боюнча эки өлкөнүн аралаш комиссиясынын отуруму болуп өттү.

 

Отурумда тараптар Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосунда 2022-жылдын жана 2023-жылдын 8 айынын аралыгында автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулардын абалы жана өнүгүүсү тууралуу маалымат алмашышты.

 

Талкуунун жүрүшүндө тараптар 2022-2023-жылдар аралыгында эки тараптуу жана транзиттик багытта, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө карай жүк ташууга уруксат бланктарын колдонуу менен эки өлкөнүн ортосунда автомобиль транспорту менен жүк ташуулардын көлөмү жогорулагандыгын белгилешти.

 

Кыргыз тарап эки тараптуу жана транзиттик багытта жүк ташуунун өсүшүн эске алуу менен аралаш комиссиянын кароосуна «Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосунда автомобиль транспорту менен эки тараптуу жана транзиттик жүк ташууга уруксат берүү системасын жокко чыгаруу жөнүндө колдонуудагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүктөрдү эки тараптуу жана транзиттик ташууларды либералдаштыруу жөнүндө Протоколдун» долбоорун киргизди.

 

Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталды. Тараптар автомобилдик ташуулар жаатындагы эки тараптуу маселелерди бетме-бет жана онлайн форматта талкуулоону, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстан-Латвия аралаш комиссиясынын кезектеги жыйынын Латвия Республикасында өткөрүүнү макулдашышты.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы