mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 254 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу графигин белгилөө, “коомдук кабылдаманын” жана “ишеним телефонунун” ишин уюштуруу жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишинин негизги багыттары боюнча коомчулук менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында,  буйрук кылым:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 254 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу графигин белгилөө, “коомдук кабылдаманын” жана “ишеним телефонунун” ишин уюштуруу жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

— ушул буйруктун 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

 

“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин жана министрдин орун басарларынын жарандарды  жеке кабыл алуусу төмөндөгүдөй белгилесин:

 

 

 

Ээлеген кызматы Аты-жөнү Кабыл алуу күнү Кабыл алуу убактысы
Министр Текебаев Т.К. Жума 15:00 -17:00
Министрдин биринчи орун басары Солтобаев Т.О Шаршемби 14:00-17:00
Министрдин орун басары Бариев Ы.Ж. Жума 14:00-17:00
Министрдин орун басары ЖАныбеков Т.К Дүйшөмбү 14:00 -17:00
Министрдин санариптык өнүгүү боюнча орун басары Рысмендеев Б.Б Бейшемби 14:00-17:00

                                                                                                                                   ”

2.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.А. Досалиевге жүктөлсүн.

 

 

Министр                                                                                    Т.К. Текебаев