mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Pan Arab Consulting Engineers (PACE) консалтинг компаниясынын ортосунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча Келишимге кол коюлду.

2022-жылдын 22-июнунда Ысык-Көл айланма жолунун Корумду айылынан Балбай айылына чейинки 104-184,5 км аралыктарын реконструкциялоо долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Pan Arab Consulting Engineers (PACE) консалтинг компаниясынын ортосунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча Келишимге кол коюлду.
Аталган компания деталдык долбоорду карап чыгуу, подрядчыны тандоо боюнча алдын ала квалификацияны, тендердик документтердидаярдоо жана алдын ала квалификациялык тандоо жана тендердик документтерди баалоо жана курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүү иштерин жүргүзөт.
Консультациялык кызматтарды көрсөтүүСауд өнүктүрүү фонду жана Кувейт араб экономикалык өнүгүү фонду тарабынан каржыланууда.
Техникалык параметрлери. Айланма жолдун 104 -184.5 кмаралыктарындагы Корумду айылынан Балбай айылына чейинки узундугу 80,5 км түзгөн долбоордук участок 4 тилкелүү жүрүүчү бөлүгү менен II техникалык категорияда долбоорлонгон. Долбоордо велосипед жолу, тротуарлар, аялдамалар, түтүктөр, арык-лотоктору, жарык берүүчү лампаларды орнотуу, көпүрөлөрдү оңдоо жана кеңейтүү каралган.
КР ТжКМ басма сөз кызматы