mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги Дүйнөлүк банктын сатып алуу талаптары жана жол-жоболору боюнча семинар уюштурду

2021-жылы 28-майында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги Дүйнөлүк банктын сатып алуу талаптары жана жол-жоболору боюнча семинар уюштурду. Семинарга жол куруу жаатында иштеген жергиликтүү жана чет элдик компаниялардын өкүлдөрү, тендердик комиссиялардын мүчөлөрү, консультанттар катышты.

Семинардын максаты — катышуучуларга Дүйнөлүк банктын тендерлерге катышуу талаптары жана жол-жоболору жөнүндө маалымат берүү. Семинардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун кызматкерлери 2020-жылы ишке ашырыла баштаган Дүйнөлүк Банктын «Борбор Азиядагы региондук байланышты өркүндөтүү программасынын үчүнчү фазасы» долбоору жөнүндө, товарларды жана жумуштарды тандоо ыкмалары, типтүү тендердик документтери, консультациялык кызматтарды тандоо, келишимдердин түрлөрү, Дүйнөлүк Банктын долбоорлорундагы экологиялык жана коомдук маселелер боюна маалымат беришти. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн улук сатып алуучусу Ирина Гончарова Банктын сатып алуулар жол-жоболорунун негиздери менен тааныштырды.

Мындай семинарларды уюштуруу жана өткөрүү компанияларга Дүйнөлүк Банктын жол тармагындагы долбоорлорунун алкагында тендерлерге катышуу үчүн донордун талаптарына ылайык, маалыматтарды алууга жана сапаттуу документтерди даярдоого жардам берет.