mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ы. Бариев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейн Коч баштаган делегацияны кабыл алды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейн Коч баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушууну Ырысбек Бариев ачып, Түркиянын жол жана транспорт тармагындагы кызматташууларды өнүктүрүүгө кошкон салымын канааттануу менен белгиледи.
Бул жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейн Коч жана адиси Айгүл Сайракунова, “Albatros Trans” компаниясынын негиздөөчүсү Джахит Йылмаз, “Akvadem Management and Consultancy” инженердик-консалтингдик компаниясынын башкы директору Нурсултан Оспанкулов, “Темелсу” техникалык консалтингдик компаниясынын долбоордук директору Коркут Акюрек катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары эки өлкөнүн ортосундагы транспорт жана жол тармагын өнүктүрүүгө багытталып жасалып жаткан иш-чаралар, анын ичинде уруксат кагаздарын алмашуу, “Е-permit” системасын киргизүү тууралуу маселелерге токтолду.
Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашырып жаткан Боордош Түркия мамлекетинин ишкерлерине ыраазычылык билдирип, министрлик ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Сөз кезегинде Хусейн Коч “Кыргызстан акыркы мезгилдерде транспорт тармагын өнүктүрүүгө жакшы аракеттерди жасап жатат, ал эми биз бир тууган кыргыз элин ар тараптан колдоого дайыма даярбыз”, — деди.
Белгилей кетсек, “Albatros Trans” компаниясы Бишкек-Кара-Балта жолун куруу долбооруна катышууда.
Бул жолугушуу бир туугандык маанайда өтүп, тараптар кызматташтыкты бекемдөө боюнча алдыда бир топ максаттар бар экендигин белгилешти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы