Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев Finentrep Aspir компаниясынын негиздөөчүсү Ноэль Касабянки мырза менен жолугушту.
- 1 015 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев Finentrep Aspir компаниясынын негиздөөчүсү Ноэль Касабянки мырза менен жолугушту, жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга байланышкан маселелер талкууланды. Франциялык өнөктөштөр компания учурда Кыргыз Республикасында ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилешти. Ошентип, жергиликтүү жол кыртыштарынын бекемдигин жана алардын үшүккө жана сууга туруктуулугун жогорулатуу боюнча автотранспорт куруу тармагындагы инвестициялык долбоор сүйлөшүү процесстеринин аяктоо стадиясында турат. Бул долбоор сапаттуу жол базасы менен тротуарды курууга багытталган.
Н.Касабианки Кыргыз Республикасы өзүнүн пайдалуу географиялык абалын эске алуу менен европалык бизнес коомчулугу үчүн маанилүү өнөктөш экенин белгиледи.
Ошондой эле франциялык өнөктөштөр министрликтин жол курулуш уюмдарын европалык стандарттагы атайын техникалар менен камсыз кылуу максатында инвестиция тартууга , ошондой эле Кыргыз Республикасынын жолдорун курууда жаңы инновациялык технологиянын долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча макулдашышты.
Маалымат үчүн: Франциянын SAS «FINENTREP ASPIR» компаниясы инвестициялык долбоорлорду талдоо, адистештирилген өнөр жай ишканаларына инвестицияларды тартуу менен алектенет, ошондой эле инвестициялык долбоорлорго келишимдерди жана контракттарды түзүүгө көмөктөшөт же инвестициялык долбоорлорду тартуу үчүн биргелешкен ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтөт. Учурда инвестициялык долбоорлорду структуралаштыруу жана башкаруу боюнча иштерди активдештирүү максатында компания Бишкекте өкүлчүлүгүн ачты.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы