mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев үстүбүздөгү жылдын 21-22-июнунда Брюсселде өтүп жаткан “Европалык өнүгүү күндөрү” аттуу жыл сайын өтүүчү иш-чарага катышты.

Министр Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку өкүлдөрү менен бирге «Борбор Азиядагы глобалдык дарбаза» деген темада өзүнчө атайын сессияга катышып, анда региондун Европа Биримдиги менен өз ара байланышын чыңдоо жолдору талкууланды.
Евробиримдиктин «Глобалдык шлюз» стратегиясы санариптик технологияларда, энергетикада жана транспортто акылдуу, таза жана коопсуз коммуникацияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо, билим берүү жана изилдөө системаларын бекемдөөгө багытталган.
Эркинбек Осоев өз сөзүндө транспорт тармагын өнүктүрүү, эл аралык транспорт коридорлорун куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле жогорку сапаттагы инвестицияларды тартуу үчүн өнөктөш өлкөлөр менен узак мөөнөттүү жана туруктуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, көп тараптуу финансылык институттар, Кыргыз Республикасынын физикалык инфраструктурасына тартыш керек экендигин белгиледи.
Баяндамада ошондой эле Кыргызстандын региондогу өнөктөш өлкөлөр, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен транспорттук өз ара аракеттенүүнүн жана транспорттук инфраструктуранын өз ара байланышынын жетишээрлик жогорку деңгээлин сактоого умтулуусу белгиленди.
Акыркы технологияларды жана транспорттук процессти автоматташтыруу менен жүктөрдү ташуу үчүн заманбап чечимдерди колдонуу жаатында кызматташууну күчөтүү сунушталды жана жол жүрүү убактысын кыскартууга, кыскартууга багытталган санариптик транспорттук коридорлорду түзүү зарылчылыгы айтылды ошондой эле жөнөкөй транспортторго административдик чыгымдарды азайтуу керек экенин белгиленди.


КР ТжКМнин басма-сөз кызматы