mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А.Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун улук инженери Генг Жун жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту.

2022-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А.Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун улук инженери Гэн Цзюнь жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар темир жолдорду курууда ишти күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Тактап айтканда, учурда тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш алып барууда. Буга чейин темир жолду куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн.
Кыргызстандын жетекчилиги темир жол куруу долбоорун тезирээк ишке ашырууга бекем чечкиндүү. Ошондуктан, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тез арада иштеп чыгууга бардык күч-аракетин жумшоодо.Учурда Кытай Эл Республикасынын долбоорлоо институтунан 80 адис Кыргызстанга келип, техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча иштер башталды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы