mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комминикациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновация борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп Э.Таштаналиев дайындалды.

А.Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-июнундагы № 442 буйругу менен Таштаналиев Э.М. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комминикациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновация борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп Таштаналиев Э. дайындалды.

Кыскача маалымат:
Таштаналиев Эмилбек Мусабаевич 1960-жылы Чаткал районунда туулган, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. 1982-жылдан бери Кыргыз Республикасынын автотранспорт системасында эмгектенет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна ылайык, «Кыргыз Интранс» ААК департаментинин директору, андан кийин Транспорт инспекциясынын директору, Автомобиль жана суу транспорту жана Салмак-габариттик мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. 2017-жылы “Өндүрүштүк-инновация борбору” мамлекеттик мекемесинин орун басары болуп дайындалган. 2022-жылдын 24-июнунда министрлер кабинетинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Өндүрүштүк-инновация борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы