mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Г. Абдыралиева министрликтин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктады.

Урматтуу министрликтин жалпы жамааты Сиздерди элибиз сүйгөн эң байыркы майрам, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эзелтен Нооруз — тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулган. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген.
Ылайым Нооруз майрамы биздин элге министрликке жаны дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү Кыргызстан элин колдосун. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын!