mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын территориясында санариптик тахографтар системасында ачкычтарды, сертификаттарды жана жабдууларды башкаруу боюнча жобо

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы №400 буйругу менен Кыргыз Республикасынын территориясында санариптик тахографтар системасында ачкычтарды, сертификаттарды жана жабдууларды башкаруу боюнча жобо бекитилген.

Санариптик тахографка карточкаларды даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук ачкычын алуу максатында жогоруда көрсөтүлгөн Жобо Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборуна жактыруу үчүн жөнөтүлгөн. Кароонун жыйынтыгында сын-пикирлер жана сунуштар түшүп, аларды эске алуу менен Жобо жаңы редакцияда кайрадан иштелип чыгып, Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борбору тарабынан жактырылды.

Ушуга байланыштуу, «1970-жылдын 1-июлундагы Женева ш. түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзүүчү транспорт каражаттарынын экипаждарынын ишине тиешелүү Европа макулдашуусуна (ТКЕМ), Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана Европа макулдашуусунун талаптарын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып,   буйрук кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын территориясында санариптик тахографтар системасында ачкычтарды, сертификаттарды жана жабдууларды башкаруу боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндө жүрүүчү жана суу транспорту департаменти Кыргыз Республикасынын территориясында санариптик тахографтар системасында ачкычтарды, сертификаттарды жана жабдууларды башкаруу боюнча жобону кызыкдар тараптарга жеткирсин.
  3. Пресс-катчы К.Досумбетовго бул буйрукту каттоодон өткөн күндөн тартып үч күндүн ичинде “Эркин тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башчысы А.Акматовго:

— расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук каражаттарында, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

— ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

  1. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минисрлигинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы №400 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
  3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин автомобиль транспорту тармагын тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.

 

 

 

Министрдин орун басары                                                                                                                                                                                                           Ы. Бариев