mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом

Долбоор

 

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарына салмак-габариттик көзөмөлдөө жүргүзүү аркылуу автомобиль жолдорунун сакталышын толук камсыздоо, ошондой эле эл аралык автомобиль байланыштар  эл аралык макулдашууларынын ченемдерин ишке ашыруу максттарында,  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

7-пунктунда “578”, “496” сандарын тиешелүү “618”, “536” сандары менен алмаштырылсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылдын жана кийинки жылдардын республикалык бюджетинде ушул токтомдон келип чыгуучу чыгашаларды жабуу үчүн акча каражаттарын карасын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин Төрагасы                                                    А.У. Жапаров