mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы №55 буйругунун негизинде, ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча аткарылган иштердин алкагында жолугушуу болду

Бүгүн 2021 -жылдын 11 –август күнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинде  кезектеги жумушчу кеңешме болуп өттү.  КР ТжКМнин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин координаторлору,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,  курулуш, турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана көз карандысыз экспертдин катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвентаризациялоого тийиш болгон мыйзамдардын баалоолору талкууланды. Көз  карандысыз эксперттин корутундусун эске алуу менен мындан ары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүү менен кээ бир баалоолорду аягына чыгаруу чечими кабыл алынды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы