«Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ»
- 736 просм.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жумуштарды түзүү, макулдашуу жана бекитүү боюнча, жумуштарды тартипке салуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
- Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү тиркелгенЖобобекитилсин.
- Ушул буйрукту «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтына жарыялоосун, басма-сөз катчысы Досумбетов К.Р., регистрацияланган күндөн кийин, үч жумуш күндүн ичинде камсыздасын.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин консультанттар тобунун башчысы Кайынбаев Н.Б., ушул буйрукту расмий жарыялаган күндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти ушул буйруктун 1 пунктунда көрсөтүлгөн Жобону колдонсун.
- Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 4-январьдагы №2 буйругу, күчүн жоготту деп табылсын.
- Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.
Министр | Ж. Калилов |