mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кутурган Макс” (“Безумный Макс”) тасмасынын стилиндеги унаалар: Министрлик MadWay Rally жарышы үчүн ашуу тазалап, жол ачты

Өзгөчө жолтандабастардын жарышы үчүн бир нече жыл мурда жабылып калган Проходной ашуусунун жолу тазаланып, ачылды.
Аталган ашуу аркылуу өткөн Өрнөк-Көк-Ойрок унаа жолун тазалоо иштери 1-июнда башталып, “Кыргызавтожол” МИнин Ысык-Көл филиалынын кызматкерлеринин тынымсыз аракетинин натыйжасында 25инде жыйынтыкталган.
Айта кетчү жагдай, аталган жол мындан 25 жыл мурда ашар жолу менен салынган. Бирок жайы-кышы кар жатып, көчкү көп түшкөндүктөн жол кайрадан жабылып, унаа кыймылы токтотулган.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы