Куттуктоо!
- 1 274 просм.
УРМАТТУУ
АВТОМОБИЛЬ ТРАНСПОРТУ ЖАНА ЖОЛ ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ!
УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!
Сиздерди күрдөөлдүү күздүн октябрь айынын акыркы жумасында белгиленип жаткан кесиптик майрамыбыз — Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Жылдын кайсы мезгили болбосун, мамлекетибиздин жол магистралдарындагы оор, ошол эле учурда байсалдуу жана жемиштүү эмгегиңиздер үчүн Сиздерге ыраазычылыгымды билдирем!
Азыркы күндө сапаттуу жол болбосо, өлкөбүздүн экономикасы, ошондой эле, жана башка тармактары да өнүкмөк эмес. Анткени, Республикабыздын региондорунун көпчүлүк бөлүгү тоолуу, кыйынчылык менен жетүүчү аймактарда жайгашкандыктан, транспорттун башка түрлөрүнө караганда автомобиль транспорту алгылыктуу орунда турат жана жол куруу — мамлекетибизде алдыңкы маселелердин бири болуп саналат. Ошондой эле жол жана көпүрө салган Кудай алдында эң чоң сооп.
Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобиль жолун курууда жана башка олуттуу магистралдарды курууда Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис.
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдор тармагын өнүктүрүү жана жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүүдө биздин алдыбызда дагы деле түйшүктүү милдеттер турат. Кыргызстанда жол тармагын өнүктүрүү менен алдыңкы мамлекеттердин катарына чыгаарыбызга толук ишенем. Сиздерди да ошого ишендирип кетем.
Кырсыктардын тобокелчилигин төмөндөтүүдө, инновацияларды алдыга жылдырууда жана Кыргызстанда жакшы жашоону камсыздоодо жалпы максаттарыбызга жетишүү үчүн өзгөчө аракет кылышыбыз зарыл.
Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, ачык маанай, кутмандуу өмүр каалайм, баарыбызга тынчтыкта, ынтымакта, гүлдөп-өскөн Мекенибизде бейкут жашоо насип этсин!
Мааракебиз куттуу болсун!
Кыргызстаныбызда тынчтык, береке-бейпилдик орносун!
Урматым менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев