«Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук» аталышындагы 18-чи Эл аралык конгресттик кѳргѳзмѳ форуму ачылды
- 508 просм.
Бүгүн 2021-жылдын 20-апрелинде салтанаттуу түрдѳ «Курулуш, Энергетика, Атайынтехника жана Коопсуздук» аталышындагы 18-Эл аралык конгресттик кѳргѳзмѳ форуму ачылды.
Борбор Азиянын ири кѳргѳзмѳлѳрүнүн бешилтигине кирген жылда болуучу курулуш кѳргѳзмѳсүндѳ тѳмѳнкүлѳр катышты.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана ѳндүрүш министринин орун басары Бакыт Дегенбаев;
Транспорт, курулуш, архитектура жана коммуникациялар министринин Кеңешчиси Мирбек Акматалиев;
Бишкек шаарынын Вице-мэри Сагындык уулу Азамат
Инвестицияларды коргоо жана колдоо Агенттигинин Директору Алмамбет Шыкмаматов;
Ошондой эле КР Долбоорчуларынын Ассоциациясы Бизнес-ассоциация JIA, КР Архитекторлор жана Курулушчулардын Союзунун ѳкүлдѳрү.
Эл аралык конгресттик кѳргѳзмѳ форуму 4 тѳмѳнкү Эл аралык атайын кѳргѳзмѳлѳрдү бириктирди.
- KyrgyzBuild 202118-чи Эл аралык атайын курулуш жана интерьер кѳргѳзмѳсү;
- EnergyExpo Kyrgyzstan 202111-чи Эл аралык атайын энергетика жана жарыктандыруу кѳргѳзмѳсү;
- KyrgyzComex 20216-чы Эл аралык атайын жол курулуш тармагында атайын техникалар кѳргѳзмѳсү;
- SafetyExpo Kyrgyzstan 2021 6-чы Эл аралык атайын ѳрткѳ каршы коргонуу, коопсуздук каражаттары кѳргѳзмѳсү.
Айта кетчү нерсе форум гибрид формасында ѳтѳт. Эксперттер гибрид форматындагы иш-чараларды 2021-жылдын индустрия тармагында башкы тренд экенин баса белгилешүүдѳ. Аталган модель чоң аянтчадагы жана онлайн форматындагы кѳп катышуучуларды ѳзүнѳ камтыйт.
Быйылкы жылда бириккен кѳргѳзмѳлүк экспозицияны 70 ашуун компания 7 ѳлкѳдѳн келишкен. Липецкой областынын жамааттык стенди, Экспорту колдоо Борбору жана биринчи жолу Башкортостан Республикасынан Экспорту колдоо Борборлору катышууда. Ата-Мекендик 180 завод-ѳндүрүш компаниялардан эң башкысы Кыргызстанда ѳндүрүлгѳн брендинин астында кѳргѳзмѳнүн алкагында курулуш технологиялары жана курулуш продукцияларын презентациялоо, Кыргызстандын курулуш тармагындагы кесипкѳй адистердин семинарлары дагы каралган.