mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгына асфальт төшөлдү. Жолчулар тарабынан аткарылган жумуштар

Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгына асфальт төшөлдү.

Манас унаа жолуна асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жер иштери жүрүүдө. Жумуштар жолдун 0-3-чакырым аралыгында жүрүп, жеринде атайын техникалар менен кызматкерлер иштеп жатышат.

Орловка-Чым-Коргон унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөр жамалды.

Нарын шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери уланууда. Учурда суу өтүүчү түтүктөрдү орнотуу, эски асфальтты сыйрып тазалоо, кум менен шагыл аралашмасын төгүп, тегиздөө жумуштары жүрүүдө.

Каркыра-Турук-Сары-Жаз унаа жолундагы кар көчкүлөр, тоодон кулаган таштар тазаланып, малчылар үчүн жайыттарга жол ачылууда.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 150-159-чакырым аралыктарында актап, сырдоо, таштандылардан тазалоо жумуштары жүрдү.

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу жумуштары аткарылды.

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолдун 243-291-чакырымдарында таш терүү жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 0-7-чакырымдарында суу түтүкчөлөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 616-632-чакырым аралыгындагы калктуу конуштардын аттары жазылган такталар жаңыланды.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 16-19-чакырым аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалды.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы