mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы ,Жети-Өгүз дарыясына жаңы көпүрөлөрдү орнотууга көмөктөшөт.

Эске салсак, июнь айында эски жыгач көпүрө кулагандан кийин «Кумтөр» компаниясы Жети-Өгүз дарыясы аркылуу өткөн 3-көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн тез арада металл көпүрөлөрдү бөлүп берген. Андан соң Транспорт жана коммуникация министрлигинин адистери ыкчам түрдө жаңы көпүрө орнотуп, жолдогу кыймыл калыбына келтирилген. Ошондон кийин «Кумтөр» компаниясы бул трассадагы бардык көпүрөлөрдү алмаштырууга көмөк көрсөтүүнү чечкен.

 

Жалпысынан 5 көпүрө бар, алардын баардыгы жыгач жанаэскилиги жеткен.. Транспорт жана коммуникация министрлиги Кумтөр менен биргеликте бул көпүрөлөрдү темир конструкцияларга алмаштыруу жумуштарын баштаган. Алтын өндүрүүчү ишкана курулуш материалдары менен камсыз кылды. Ал эми трансорт жана коммуникация министрлиги тарабынан каржыланат.

Белгилей кетсек, Жети-Өгүз дарыясы аркылуу өтүүчү 1-көпүрөнүн курулушу акыркы баскычка келди. Азыр жумушчулар полдун устундарын монтаждоо иштерин бүтүрүп жатышат, андан кийин пол төшөлүп, көпүрө даяр болот. Андан кийин техниктер жана монтаждоочулар 2-көпүрөнү алмаштыруу иштерине киришет. Суук түшкөнгө чейин тоо дарыясынын аркы өйүзүндөгү бардык жыгач өтмөктөрдү алмаштыруу пландалууда. Жергиликтүү бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

 

Жаңы көпүрөлөрдүн жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннадан кем эмес болот. Бул жүк ташуучу унаалардын да коопсуз өтүшү үчүн жетиштүү.

Жети-Өгүз капчыгайынан өткөн жол Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү негизги жайлоолордун бири болгон Көк-Жайык жайлоосуна алып барат. Бул жерден Ала-Көлгө популярдуу туристтик маршрут башталат. Жергиликтүү тургундар жана туристтер жаңы объектилердин ишке киришин чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Жаңы көпүрөлөр жолду ыңгайлуу жана эң негизгиси коопсуз кылат.

 

КР ТжКМин басма сөз кызматы