mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Көк-Мойнок-Кубакы ашуусу 2022-жылдын 18-октябрында жабылган эмес жана азыркы учурда транспорттун бардык түрлөрү үчүн ачык.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Көк-Мойнок-Кубакы ашуусу жабылган эмес. 2022-жылдын 18-октябрында саат 16:00дөн баштап Көк-Мойнок-Кубакы ашуусунда жолдорго  кум-шагыл төгүлгөн. Жүк ташуучу унаа жолдо тыгылып калгандыгына байланыштуу , ашууда жүк ташуучу унаалар үчүн кыймыл убактылуу чектелсе, жеңил унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр коюлган эмес.  Ал эми жолдун  ортосуна калып калган жүк ташуучу унаа жолдун четине сүйрөтүлүп чыгарылган.

2022-жылдын 18-октябрында Көк-Мойнок-Кубакы ашуусунда жааган кардын учурунда 14 адам  механизатор жана эки манипулятор жолдогу карды тазалоо жана музга каршы инертүү матриалдарды себибүү иштерин жүргүзүшкөн, ошондуктан Көк-Мойнок-Кубакы ашуусунда унаа кыймылы жабылган эмес.

2022-жылдын 19-октябрында Көк-Мойнок-Кубакы ашуусундагы 0-26-чакырымдарында саат 16:00дөн 20:00гө чейин жол кызматкерлери тарабынан жолго тайгакка каршы инерттүү материалдар себишип, саат 22:00дө кайрадан жолчулардын экинчи тобу инерттик материалдарды себүү жумуштарын аткарып турган.

 

Учурда Кубакы-Көк-Мойнок унаа жолу транспорттун бардык түрү үчүн ачык.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы