mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорт  департаментинин  аймактык  башкармалыктары  2023-жылдын  5 айынын жыйынтыгы менен транспорттук көзөмөл пункттарында, транспорттук көзөмөлдөөнүн мобилдик тобунда, станциялык курулмаларда жана автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында 211986 оор жүк  жана жүргүнчү ташуучу автоунааларды текшерүүгө алышты (2022-жылдын 5 айында 185947).  Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында  КРдин транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу боюнча 2723 фактылары аныкталып (2022-жылдын 5 айында 722),  жеринен 2649 протокол түзүлдү  ( 2022-жылдын 5 айында 720 ) жана 17496000 сом айып пул салынды ( 2022-жылдын 5 айында 4492000 сом). Анын ичинен оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына 1512 протокол түзүлүп, (2022-жылдын 5 айында 350) 16006000 сом айып пул салынган  (2022-жылдын 5 айында 4002000 сом). Ошондой эле, жүргүнчү ташуучу автоунаалардын айдоочуларына 1137 протокол  түзүлүп (2022-жылдын 5 айында 370), 1490000 сом айып пул салынды (2022-жылдын 5 айында 490000 сом).