mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин ТжКМге караштуу “Кыргызавтобекети” өз каражатына Кызыл-Суу автокассасынын 1625 м2 аянтын асфальтталды

КРдин ТжКМге караштуу “Кыргызавтобекети” мамлекеттик ишканасынын “Ысык-Көл автовокзалы” филиалынын Кызыл-Суу автокассасынын 1625 м2 аянты асфальтталды. Мындай иштер жүргүнчүлөргө түзүлгөн шарттарды дагы да жакшыртуу максатында аткарылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомуна ылайык, “Кыргызавтобекети” МИси ишканага түшкөн таза кирешенин 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулган. Жогоруда аталган иштер дал ушул каражаттардын эсебинен жасалган.

Токтомдун кабыл алынышы менен алдыда дагы тейлөө шарттарын жакшыртууга, мамлекеттик ишканага караштуу объектилерди модернизациялоого жол ачылып, ырааты менен иштер аткарылмакчы.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы