mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери үчүн “ЖАБСка керектүү маалыматтар жана HDM анализи” боюнча тренинг өттү

Бүгүн, 11-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери үчүн жол активдерин башкаруу системасын (ЖАБС) ишке киргизүү боюнча тренинг өттү. Аны Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Рысмендеев ачып, жол активдерин башкаруу системасынын  маанилүүлүгүнө токтолуу менен бардык катышуучуларга жемиштүү окууну каалады.

Аталган тренинг «Roughton International Limited» консультациялык компаниясы жана КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын Долбоорлорду ишке ашыруу тобу тарабынан уюштурулду.

Бул иш-чара Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун  бириктирген жол» долбоорунун жол активдерин башкаруу системасынын 2-фазасынын маанилүү этабы болуп саналат.

Долбоор Кыргызстандын жол инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатууга жана транспорттук каттамдардын коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого көмөктөшүүчү эффективдүү жол активдерин башкаруу системасын киргизүүгө багытталган.

«Roughton International Limited» консультациялык компаниясы менен консультациялык кызмат көрсөтүү келишимине 2023-жылдын 14-февралында кол коюлган, ал эми бул кызматтарды көрсөтүү 2023-жылдын 19-мартында башталган.

ЖАБС фаза-2 долбоору жол изилдөө жабдууларын сатып алуу, маалыматтарды жаңыртуу, маалыматтык системаларды өнүктүрүү, ЖАБС интеграциясынын мыйзамдык базасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, каржылоо талаптарын аткаруу жана кызматкерлерди окутуу сыяктуу иш-чаралардын кеңири спектрин камтыйт.

Тренингдин жүрүшүндө учурдагы жетишкендиктер боюнча талкуулар, ошондой эле улуттук жана эл аралык эксперттердин презентациялары, анын ичинде HDM программасын талдоо иштери жүрдү.