mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жашыл транспортту өнүктүрүүнү колдойт

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги велосипед токтоочу жайды орнотуу боюнча эстафетаны баштады. Бул демилге министрликтин кесиптик бирликтеринин төрагасы Багылов Нурбектин сунушу менен жана КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин колдоосу менен ишке ашты. Анткени, мамлекеттин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө Министрликтин ролу зор жана жашыл транспортту өнүктүрүүгө да өз салымын кошо алат. Бул иш-чарага КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев катышып, велосипед менен жүрүүнүн ден соолукка, экологияга жана үй-бүлөнүн бюджетине тийгизген жакшы таасирлери тууралуу эмгек жамаат менен бөлүшүп, бул демилгени башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү зарылчылыгын баса белгиледи.

   

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы.