mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги: Ашуу тилкелерине чыккан айдоочуларда кар чынжырлары жана күрөктөр болушу керек

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №36 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Өтмөк ашуусунда тайгаланууга каршы инерттүү материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө. Ал жерде, күн бүркөлүп майда кар жаап жатат. Жогорудагыдай иштер Бишкек-Нарын-Торугат автожолунун 271-372-км аралыгындагы Долон, Кызыл-Бел ашуусунда №41 ЖТИ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. Жеринде атайын техникалар тартылып, күнү-түнү нөөмөт уюштурулган.

Ошондой эле Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайынын 209-чакырымынан 236-чакырымындагы тайгак жолдорго №23 ЖТИ тарабынан инерттүү материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Ал жерде аба ырайы булуттуу болуп, жамгыр аралашкан кар жаады.

Мындай иштер Бишкек-Ош автожолунун Төө-Ашуу, ошондой эле Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт, Бөргөбел, Чапчыма ашууларында жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 20-21-ноябрдагы жаан-чачынга байланыштуу Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүшү күтүлөт. КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдор тайгак болорун эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин  сактоого чакырат.