mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 2023-жылдын 2-августунда Балыкчы Кочкор, Кочкор-Эпкин, Эпкин – Бакууганды, Кызыл — Жылдыз-Арал ал эми, 3-августта Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман участкаларындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө ведомство башчысы жолдун өндүрүштүк участокторуна барып, аткарылган иштердин графигин сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ондогон жылдар бою Бишкек-Ош автожолу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда үзгүлтүксүз жана туруктуу автотранспорттук байланышты камсыз кылган жалгыз кургактык каттамы болуп келген, бирок 2010-жылдан тартып гана альтернативдик байланыш түзүү маселеси көтөрүлгөн. Республиканын түндүк жана түштүк региондорун бириктирүүчү альтернативдүү жолду, өлкө ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун түзүү зарылдыгы пайда болду. Курулуш иштери 2014-жылы башталган жана бүгүнкү күндө «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолу өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниге ээ.   Бул жолдун курулушу транспорттук жолдорду жана ага ылайык Түштүк региондордон Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Курулуш аяктагандан кийин иштетилип жаткан «Кара-Кече» көмүр кенине, «Макмал» алтын кенине, ошондой эле Камбар-Ата жана Тогуз-Торо ГЭС тилкелерине жеткиликтүүлүк жакшырат. Сузак, Тогуз — Торо, Жумгал, Кочкор автожолдору салынган аймактарга социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул жол Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу — стратегиялык ири долбоорлордун бири болуп саналат. Балыкчы — Жалал-Абад жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.  Бул жол Кочкор, Чаек, Көкөмерен жана Казарман аркылуу өтөт.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаажол долбоорлорун ишке ашыруудагы прогрессти сунуштайбыз:

  1. «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаажолу» долбоору, жалпы узундугу 125,9 км, Казарман-Жалал-Абад участогу (291-408 км) жана Кызыл-Жылдыз — Арал участогу (183-195 км) жана Көк — Арт ашуусу аркылуу узундугу 3,8 км 1-Фаза туннелин куруу.

 Бул объект  жалпысынан  3890 м болсо, анын 3870,2 м  жасалып,  дагы 19,8 м калды;

Ошондой эле бул жерде тоннелдеги иштер менен катар штольнянын жалпы өтүүсү толук    көлөмдө аткарылды — пландаштырылган 3890 метрден 3890 метр;

— Долбоордо каралган асфальт бетон катмарын төшөө боюнча негизги иштер жыйынтыкталды. Жалпы 125 чакырым жолдун 5 чакырымында асфальт бетон катмары жок. Ал жерде эстакадалык көпүрөлөр жана көчкүгө каршы галереянын курулушу күтүлүүдө.

  1. «Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу Долбоору”, узундугу — 99 км, II Фаза, Арал –      Казарман участогу (195-291 км) жана 2 эстакадалык көпүрөсүн куруу боюнча негизги иштер 2021-жылы бүткөрүлдү, төмөнкү катмардын 99 км, калыңдыгы 9 см, үстүнкү катмардын 99 км, калыңдыгы 6 см (ЩМА) асфальт бетон жабуулары төшөлдү. Ошондой эле  эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу аяктады.
  2. Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобиль жолун куруу, «БАРЭК 1 жана 3  коридорлорун  бириктирүүчү жолдор  Долбоору» (узундугу 70 км, 89км-159 км, Эпкин — Башкууганды участогу).   

70 км ичинен 29 км төмөнкү катмарга асфальт бетон  жана 2,5 км шагыл- мастикалык асфальт бетон катмары төшөлдү;

—  2023-жылдын 17-апрелинде подрядчы 132-159-чакырымдарында асфальт бетон  жабуунун төмөнкү катмарын төшөө боюнча иштерди баштады. Башкууганды, Куйручук, Түгөл-Сай айылдарында асфальт бетон  төмөнкү катмарын төшөө иштери аяктады.

-115 даана суу түтүктөрүн орнотуу аяктады.

  1. БАРЭК 1 жана 3 транспорттук коридорлорунун ортосундагы 70,1 км (0-43 км; 62-89 км) узундугу менен бириктирүүчү жолдун долбоору. Кошумча каржылоо.

Лот 1.

Асфальтбетон катмарынын 39,5 км төмөнкү катмары (0 км — 43 км чейин) төшөлдү;

17 км (3 чакырымдан -34 чакырымга чейин) шагыл-мастикалык асфальтбетондун (мындан ары-ЩМА) катмары төшөлүп бүттү;

— Жер кыртышы 40,9 км аралыкта даярдалган;

— 63 даана түтүктөрдү орнотуу аяктады.

Лот 2.

Асфальтбетон катмарынын 25,7 км төмөнкү катмары (63 км — 89 км чейин) төшөлдү;

— 13,1 км (71 чакырымдан -84 чакырымга чейин) бою ШМА катмары төшөлдү;

— Жер кыртышы 26,3 км аралыкта даярдалды;

— 45 түтүктөрдү орнотуу аяктады.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.