mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин “Техникалык жөнгө салуу мыйзамынын” 26-беренесин аткаруу маселеси ведомстволор аралык кеңешмеде талкууланды

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы Бажы биримдигинин «Темир жол кыймылдуу курамы», «Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспорту», «Темир жол транспортунун инфраструктурасы» техникалык регламенттеринин продукцияларынын техникалык регламенттерге дал келүүсүн тастыктаган күбөлүк берүүчү органды ачуу маселерин кароо боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул иш-чаранын максаты 2022-жылдын 25-мартындагы «Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планы”  жөнүндө №162 токтомун ишке ашыруу болуп саналат. Ага КРдин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Стандартташтыруу жана метрология”, “Кыргыз аккредитациялоо” борборлорунун жана “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын “Техникалык жөнгө салуу мыйзамынын” 26 беренеси аткарылбай жаткандыгы боюнча маселе каралды. Анда,  күбөлүк берүүчү органдын эксперттери ошол мамлекеттин жараны болсун деген талап коюлгандыктан, аны чечүү  жолдорун кароо Транспорт министрлигине  жүктөлдү.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.