Красная Горка-Акташ жолунун 3-9км аралыгына саат 10-30да болжол менен 12000м3 кар кѳчкүсү түшүп, азыркы убакытта жол каттамы толугу менен жабык
- 429 просм.
2018-жылдын 15-февралында саат 8-30- чамасында Чаткал районундагы №27-жол тейлѳѳ мекемеси тейлеген Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка жолунун 95-96км-не алдын-ала болжол менен 1000м3, саат 10-00до 99-100км аралыгында алдын-ала болжол менен 600м3 кар кѳчкү түшүп, тазалоо иштерин 1 даана погрузчик, 1 даана бульдозер техникалары жүргүзүп жатышат. Жол каттамы убактылуу жабык.
Ошондой эле Красная Горка-Акташ жолунун 3-9км аралыгына саат 10-30да болжол менен 12000м3 кар кѳчкүсү түшүп, азыркы убакытта жол каттамы толугу менен жабык жана кар кѳчкүлѳрүнүн түшүүсү кайталанып жаткандыктан тазалоо иштерине коркунуч жаралууда
Пресс-кызмат