mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМнин кызматкерлери Балычкы-Кочкор-Эпкин автожолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында жол тейлөөнүн эл аралык практикасы боюнча үч күндүк окуудан өтүшүүдө.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Балычкы-Кочкор-Эпкин автожолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында КР ТжКМнин кызматкерлери жол тейлөөнүн эл аралык практикасы боюнча үч күндүк окуудан өтүүдө.

2023-жылдын 24-январында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 25 кызматкери Кочкор айылына, Улуу Британиядан келген Roughton тарабынан уюштурулуп жаткан «аткаруучу боюнча келишимдер» (АБК) боюнча үч күндүк тренингке катышуу үчүн кетишкен.

Мамлекеттик курулуштун ченемдик көрсөткүчтөрүнө негизделген жолдорду тейлөөнүн колдонуудагы системасы жол тейлөөнүн эл аралык практикасынын алкагында эскирген деп эсептелет.

АБК системасынын негизинде жолду тейлөө жолдун белгилүү бир бөлүгүн тейлөөчү компанияны тандоо үчүн тендерди камтыйт. Тендерге жеке менчик дагы, мамлекеттик дагы ишканалар катыша алат. Ошол эле учурда АБК системасы консалтингдик фирманын жана анын лабораториясынын болушун болжолдойт, анын жардамы менен консультанттын адистери жолду тейлөөнүн сапатын күн сайын баалай алышат. Жолду тейлөөнүн сапатынын деңгээлинин концепциясы жана аткарылышын көзөмөлдөөгө боло турган бир катар пландуу тапшырмалар белгиленген. Жолдорду сапатсыз күткөн учурда АБК подрядчысына айып пул салынышы мүмкүн, бул жумуш үчүн төлөмдөрдү жокко чыгарышы мүмкүн. Бирок жолду тейлөөнүн жогорку сапаты менен материалдык кызыктыруучу механизмдер каралган, бул компаниянын кызматкерлеринин мотивациясын бир топ жогорулатат.

2018-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында АБК системасы боюнча пилоттук жол тейлөө долбоорун ишке ашырган. Пилоттук долбоордун натыйжалары оң бааланды, ага байланыштуу АБК системасынын негизинде жолдорду тейлөө практикасын кеңейтүү пландаштырылууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы