mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМне караштуу  Жер жана суу транспорт башкармалыгы  Ош облусунун «Каратай» ПТК, Чүй облусунун «Кемин», «Ак-Тилек», «Маловод» жана Талас районундагы «Кызыл-Адыр» тараза жабдууларын алмаштырууну жана кирүүчү жолдорду уюштуруу иштери аткарылып жатат.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаменти Ош облусунун «Каратай» ПТК, Чүй облусунун «Кемин», «Ак-Тилек», «Маловод» жана Талас районундагы «Кызыл-Адыр»  транспорттук диспетчердик пункттарындагы тараза жабдууларын алмаштыруу жана кирүүчү жолдорду иретке келтирүүдө.

Тактап айтканда, учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер-суу транспорту департаменти тарабынан төмөнкүдөй оңдоо иштери жүргүзүлүүдө:
— тараза жабдууларын алмаштыруу, ошондой эле Каратай ПТБга (Ош облусу) кирүүчү жолдорду оңдоо жана иретке келтирүү, бул жерде курулуш иштерин аяктоо 2022-жылдын аягына пландаштырылган;
— Чүй районундагы Кемин, Ак-Тилек, Маловодное жана Сосновка ПТСтерине кирүүчү жолдорду оңдоо жана иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
«Кемин» жана «Ак-Тилек» ПТСтери 2022-жылдын 1-декабрында, ал эми «Маловодное» жана «Сосновка» ПТСтери ушул жылдын аягында пайдаланууга берилет.
— Кызыл-Адыр ПТКсына (Талас району) кирүүчү жолдор оңдолуп, жабдылып жатат, темир-бетон участогунун бетон каптоосу куюлуп бүттү, курулуш нормаларына ылайык бетонду кургатуу мөөнөтү 28 күн. Курулуш иштерин бүтүрүү 2022-жылдын 20-декабрына белгиленген.
«Балыкчы-Барскон» унаа жолунда жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун «Балыкчы-Кочкор-Эпкин» тилкесинде жүрүп жаткан реабилитациялык иштерге байланыштуу «Балыкчы» ПТКсы (Ысык-Көл облусу) убактылуу жабылды.
Маалым болгондой, салмак-габариттик көзөмөл жалпы пайдалануудагы жолдорду пайдалануу эрежелерин сактоого жана алардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Салмакты жана өлчөмдөрдү көзөмөлдөөнүн жоктугу жалпы пайдалануудагы жолдордун мөөнөтүнөн мурда бузулушуна алып келет, бул жалпысынан жол коопсуздугуна таасирин тийгизет.
Автотранспорт каражаттарынын жана климаттык таасирлерден физикалык күчтүн натыйжасында ПТКнын оордук жабдууларына кирүүчү жолдор жараксыз болуп калат, мунун натыйжасында кирүүчү жолдордун бетинин ар кандай тегиз эместиги транспорт каражаттарынын салмактын параметрлерин өлчөөнүн тактыгына таасирин тийгизет.
Республикалык бюджеттен каржылоонун жетишсиздигинен, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу 2019-2021-жылдары ПТКга кирүүчү жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
2022-жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын натыйжасында Транспорт департаменти учурда оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, аталган иштерди аткаруу жана бүтүрүү үчүн Транспорт департаменти республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону талап кылынат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы