mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМ 9-13-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана -38 градуска чейин суук болушуна байланыштуу чукул муктаждык болбосо ашуу аймактарына барбоону сунуштайт.

2023-жылдын 9-январынан 13-январына чейин күтүлүп жаткан кар жаашына байланыштуу  жана-38 градуска чейин сууктан улам чукул муктаждык болбосо, жакынкы жумада ашуу аймактарына барбоону ТжКМги сунуштайт.

Кыргызгидромет билдиргендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Нымдуу кардын зымдарга жана бактарга жабышы. Жолдор карга толуп, муз тоңот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды багууну жана унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

10-11-январда абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5°…-10° суук,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3°…-8° суук,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3°…-8° суук,

Нарын облусунун дыйканчылык зонасында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 градуска чейин, күндүз -12…-17 градуска чейин,

тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17, күндүз -8…-13 градуска чейин,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26 градуска чейин, күндүз -15…-20 градуска чейин,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -16…-21 градуска чейин.

12-13-январда абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14°…-19°ка чейин,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14 градуска чейин,

Нарын облусунун дыйканчылык зонасында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31 градуска чейин, күндүз -17…-22 градуска чейин,

тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20°,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35 градуска чейин, күндүз -23…-28 градуска чейин,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38, күндүз -23…-28 градуска чейин суук.

Күтүлүп жаткан аномалдуу суукка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга, эгерде алар буга чейин чыгып кеткен болсо, республиканын автожолдорунун ашуу тилкелерин кесип өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, кар жааганда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбошу үчүн  каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайт.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-январдан тарта термометр төмөндөй баштайт жана эки-үч күндөн кийин республиканын айрым аймактарында -38 градуска чейин суук болот.

Жаан-чачынга жана күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкүсү, кардын күрткүсү жана жолдордун тайгак болушу күтүлөт.

Автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы