mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларга автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керектигин эске салат

24-мартта күндүз жана 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-25-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.
27-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу кыргызгидромет билдирет. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы, катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, жааган кардан улам айдоочуларга жолдо жүрүү кыйынчылык жаратат.
КР Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу жол жүргөн айдоочуларды дагы бир ирет жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен, жанында чынжыр, күрөк алып жүрүү керек экендигин эскертет.

Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо коопсуздукту камсыздай тургандыгын эске салат.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы