mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жана Долбоорлорду ишке ашыруу топторунун кызматкерлери ишембилике катышты.

2023-жылдын 23-сентябрында ишембилик болуп өттү, ага КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин, «Кыргызавтожол”мамлекеттик ишканасынын жана Долбоорлорду ишке ашыруу топторунун кызматкерлери чыгышты. Бул иш-чарага 100гө жакын адам катышты. Ишембиликтин негизги милдети аэропортко бараткан жолдо жайгашкан эстакадалык курулуштарды актоо, жаңылоо жана отоо чөптөрдөн тазалоо болду.
Эстакадалык курулуштарды актоо жана тазалоо алардын сырткы көрүнүшүн гана жакшыртпастан, жол курулуштарынын иштөө мөөнөтүн узартып, жалпы жол коопсуздугуна шарт түзмөкчү. Ишембиликти өткөрүүнүн алкагында биргелешкен аракеттер жол инфраструктурасына кам көрүүнүн негизги белгиси болуп саналат. Ишембиликтин катышуучулары Кыргызстандын жолдорунун көркүнө жана абалына маанилүү салым кошушту.