mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Долбоорлорду ишке ашыруу топторунун кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Ишембилик 2023-жылдын 7-октябрында КР Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаевдин жетекчилиги менен өттү. Ага КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Долбоорлорду ишке ашыруу топторунун кызматкерлери катышты.

Алар Бишкек аэропорт Манас унаа жолунун 13 чакырым (клеверный лист) жериндеги таштандыларды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, ошондой кураган чөптөрдү тазалашты. Ал эми «Кыргызавтожол» МИ кызматкерлери «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аралыгын, Аламедин-Арашан-Кой-Таш унаа жолунун боюн таштандылардан тазалашты.

Белгилей кетсек, ишембилик социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү. Ишембиликтин жүрүшүндө Т. Текебаев Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргызстандын жолдорунун көркүнө жана абалына маанилүү салым кошуп жатканын баса белгиледи.