mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин биринчи жасаган иш сапары Баткен облусунун Ош-Баткен-Раззаков автоунаажолу (28-75 км) болду.

2022-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагындагы алгачкы объектилеринин бири болуп Ош-Баткен-Раззаков автожолу (28-75 км) болду. Иш сапар учурунда КР транспорт жана коммуникациялар министри менен , «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча филиалынын директору Мирбек Мурзакабулов жана КР ТжКМ алдындагы Жол чарба департаментинин Ош облусу боюнча аймактык бөлүмдүн жетекчиси Абдигани Турдукулов ошондой КР ТжКМнин долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Ибрагим Осеров менен Чили-Сайдан дарыясынын 43-чакырымында жол тилкесиндеги көпүрөнүн абалы боюнча таанышып жана 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде сапаттуу тейлөө боюнча кол алдындагыларга тапшырмалар берди.Маалым болгондой, «Эл аралык маанидеги негизги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки бөлүгүн реабилитациялоо, (электр линиялары, суу менен камсыздоо байланыш линиялары, канализация) коммуникациялоо боюнча субподрядчы тандалып алынган. Бул долбоорду Япониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинен (JICA) каржылоонун жалпы суммасы 13,642 миллиард япон йени (133,58 миллион АКШ доллары), кредиттин суммасы 11,915 миллиард япон иен (116,47 миллион АКШ доллары) түзөт.Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки курулуштун башкы подрядчысын тандоо боюнча тендер жарыяланган. Бирок тендердик документтерди сатып алган компаниялардан тендерге катышууга сунуш түшпөгөндүктөн, подряддык иштерди сатып алуу боюнча тендер жараксыз деп табылган. Консультант тендердик документацияны Башкы подрядчыны тандоодо тендердин катышуучуларына карата талаптарды жумшартуу багытында кайра карап чыккан жана учурда тендердик документация JICA тарабынан каралууда.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 13 чакырымды калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдардын эсептөөлөрү жүргүзүлгөн. 28-36 чакырым жана 40-48 чакырым тилкелер республикалык бюджеттин эсебинен. Министрлик көрсөтүлгөн 13 чакырымды реабилитациялоого керектүү каражатты бөлүп берүү өтүнүчү менен министрлер кабинетине кайрылган. Учурда бул маселе министрлер кабинетинде каралып жатат. Донор менен макулдашуу боюнча жолдун бул участогун реабилитациялоо процессин тездетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралып жатат.Андан ары КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 75тен 109уна чейинки тилкесинде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Баткен тарапты көздөй бет алган башкармалыктын башчысы адистер тобу менен Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 125,0-136-чакырымдарында, тактап айтканда Кадамжай-Орозбеков участогундагы 40,7 чакырым жана 125,0-136-чакырымдардагы мурда иштеп жаткан Ош-Баткен-Раззаков автожолунун абалы менен таанышты. Орозбеков айылындагы айланма жолдун узундугу 7 км, долбоорлоо жана андан ары капиталдык оңдоо иштерине даярдалып жатат.Отукчу-Кайтпас автожолундагы өткөрүү пункту да каралып, Ош-Баткен-Раззаков жолунун 208,5-232,2-чакырымындагы айланып өтүүчү жолдун болжолдонгон баштапкы варианты текшерилди. , Узундугу 24,4 км, Жаны-Жер айылы аркылуу.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы